Тажикстанда "Ориёнбанк" төрагасынын орун басары дайынсыз жоголду

Шухрат Исматуллоев

Тажикстанда "Ориёнбанктын" төрагасынын биринчи орун басары Шухрат Исматуллоев дайынсыз жоголду.

“Озоди” радиосунун булактары 23-июнь күнү кечинде аны Исмоили Сомони шаарындагы үйүнөн чоочун адамдар кара түстөгү Hyundai Sonata унаасына салып, белгисиз тарапка алып кетишкенин билдиришкен. Милиция маалымат базаларын текшергенде унаанын мамлекеттик номуру жасалма экени аныкталган. Телефону ошол күндөн бери өчүк.

Исмоили Сомони районунун ички иштер бөлүмү “8-Март” аймагынан жоголгон жаранды издеп жатканын тастыктады, бирок башка маалымат берген жок.

47 жаштагы Шухрат Исматуллоев “Тажик Эйр” авиакомпаниясынын мурдагы башкы директору Дилшод Исматуллозоданын бир тууган агасы, “Ориёнбанктын” төрагасы, президент Эмомали Рахмондун күйөө баласы Хасан Асадуллозоданын жакын адамдарынын бири.

Ал көп жылдар бою “Ориёнбанктын” төрагасынын биринчи орун басары кызматын аркалаганы менен иш жүзүндө бул банкты башкарганы айтылып келген.

Дагы караңыз

Таштанды полигонуна мобилдик жабдык орнотуу келишими түзүлдүКытай Орусиядагы козголоң боюнча үн каттыБлинкен Пригожиндин козголоңун Путиндин бийлигине "түздөн-түз чакырык" деп мүнөздөдү