Казакстан: Январь окуясында бир үй-бүлөнү атып өлтүргөн деген аскерге өкүм чыкты

Соттолуучу Данияр Егембаев (оңдо). 2023-жылдын 26-июну.

Казакстанда кандуу Январь окуясында бир үй-бүлөнү атып өлтүргөн деп айыпталган аскер кызматкерине өкүм чыкты. Бүгүн, 26-июнда Алматы гарнизонунун Аскер соту аскер кызматкери Данияр Егембаевди “бийлигинен жана кызматтык укуктарынан аша чапкан” деген айыптын негизинде жети жылга эркинен ажыратты.

Каза болгон үй-бүлөнүн жакындары мындай өкүмгө макул эмес экенин, кийинки инстанцияга кайрыларын айтышты.

Окуя 2022-жылдын 8-январында, кандуу Январь деп аталып калган окуя учурунда болгон. Тергөөнүн маалыматына караганда, жубайлар Нурболат Сейткулов, Алтынай Етаева жана анын 15 жаштагы кызы Нурай бараткан машинага аскерлер 54 ок атышкан. Үчөө тең ошол жерден жан беришкен.

2022-жылдын январында Казакстанда социалдык талаптарды койгон тынч митинг өлкөнүн аймактарына жайылып, кан төгүү, башаламандык менен коштолгон. Расмий маалыматка караганда, ошондо кеминде 238 киши каза болгон.

Соттук териштирүүлөр уланууда. Казакстандык укук коргоочулар эл аралык иликтөө жүргүзүү керектигин айтып келе жатышат.

Дагы караңыз

"Менин уулум экенине ишенбейм". “Вагнерден” келген бош табыттарИнфекциялык ооруканага кайрылгандар көбөйүүдөБайден жана Зеленский коопсуздукту, Орусиядагы окуяларды талкуулаштыУкук коргоочулар бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзамга байланыштуу депутаттарга кайрылуу таратышты