Бүгүн, 23-июнда Кыргызстандын дээрлик бардык орто мектептеринде бүтүрүүчүлөргө "жетилүү аттестатын" - орто билими тууралуу күбөлүктү тапшыруу аземи жүрүп жатат.
Иш-чаралар саат 9:00да башталып, бүтүрүүчүлөрдүн, мугалимдердин, ата-энелердин жана айрым аймактарда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүп жатат.
Билим берүү жана илим министрлиги бул күнгө карата мектептерде, коомдук жайларда салтанаттуу кечелерди өткөрүүгө тыюу салып, райондук, шаардык билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине милиция кызматкерлери менен чогуу көзөмөл кылууну тапшырган.
Буйрукту аткарбаган мугалимдер, ата-энелер жоопкерчиликке тартылары эскертилген.
Ички иштер министрлиги 23-июнда 5 миңдей кызматкери бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыздарын кабарлаган.
Буга чейин мектепти бүткөнүн майрамдаган окуучулар автокырсыкка кабылган жана адам өлүмү менен коштолгон учурлар катталган.
Быйыл 9-11- класстарды Кыргызстан боюнча 180 миңден ашуун улан-кыз аяктады. Алардын 70 миңге жакыны 11-классты бүтүрдү.(ZKo)
Дагы караңыз
"Титаникти" изилдөөгө түшкөн кеменин экипажы набыт болгону аныкталдыЖер ортолук деңизинде кыйраган кемеде 209 пакистандык мигрант мерт болдуИИМ эл аралык издөөдөгү эки жаран Испания, Орусиядан кармалганын билдирди Берлин-Бишкек: Украинадагы уруш, жарандык коом жана “чет элдик өкүл” Парламент Мадумаровду жоопко тартууга уруксат бердиЭдил Байсалов менен депутаттардын тиреши