Москва шаардык соту америкалык журналист Эван Гершковичтин аппеляциялык арызын четке кагып, мурунку инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. The Wall Street Journal басылмасынын 31 жаштагы кабарчысы тыңчылыкка айыпталып, 30-августка чейин камалган. Ал өзү жана АКШнын бийлиги бул дооматты четке кагып келишет. Гершкович күнөөлүү деп табылса, 20 жылга чейин эркинен ажырталышы мүмкүн.
22-июндагы жараян жабык өттү, бирок ага АКШнын Орусиядагы элчиси Линн Трейсиге жана башка Москвадагы дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрүнө катышууга уруксат берилди.
The Wall Street Journal басылмасы соттун чечими ушундай болору күтүлгөнүн, бирок Гершковичтин кармалып турганы акылга сыйгыс экенин билдирди.
"Эван он эки аптадан ашуун убакытка журналисттик ишин аткарып жатканы үчүн гана мыйзамсыз камалды. Биз анын токтоосуз бошотулушун талап кылууну улантабыз", - деп жазылат басылманын билдирүүсүндө.
Гершкович быйыл мартта Федералдык коопсуздук кызматы тарабынан камалып, "Екатеринбург шаарында аскердик жашыруун маалыматты топтоп жүргөн" деп айыпталган. Майдын соңунда Москванын Лефортово райондук соту Гершковичтин камактагы мөөнөтүн 30-августка чейин узарткан.
Вашингтон журналисттин кармалышын мыйзамсыз деп атап, аны токтоосуз бошотууну талап кылган. Кремль Гершкович "журналисттик ишмердүүлүккө жамынып тыңчылык менен алектенип жүргөнүн" билдирген.
Советтер Союзунан АКШга кеткен эмигранттардын уулу жана орусча эркин сүйлөгөн Гершкович "кансыз согуш" доору аяктагандан бери мындай айып менен Орусияда кармалган биринчи америкалык журналист болуп калды.
Дагы караңыз
Парламенттин жанында Мадумаровдун тарапташтары акцияга чыгышты Мадумаров депутаттык комиссиянын мүчөлөрү “катуу буйрук алганын” айтты Зеленский Орусия Запорожье АЭСинде теракт пландаганын айтты, Кремль аны четке какты