Жогорку Кеңештин үч фракциясы Байсаловду кызматтан алууну сунуштады

Эдил Байсалов.

Жогорку Кеңеш 22-июнда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду кызматтан алуу Сунушун карайт.

Ушул эле күнү депутаттар маселеникүн тартибине кезексиз киргизүүнү колдогон. Байсаловдун отставкасын кароо сунушун парламенттеги "Ишеним", "Ата Журт-Кыргызстан" жана "Мекенчил" депутаттык тобу берген.

Жогорку Кеңештин 21-июндагы жыйынында бир катар депутаттар Байсаловдун кызмат ордун кароо маселесин көтөрүшкөн. Айрымдары анын кызматтан алынышын талап кылышкан. Парламент спикери Нурланбек Шакиев "Байсаловдун комитет жыйынында сүйлөгөн сөздөрү жана андан кийинки маектери көз жаздымда калбай турганын", бул боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен дагы сүйлөшкөнүн билдирген.

Маселенин козголушуна Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 20-июндагы жыйынында Эдил Байсалов менен депутаттардын ортосундагы кайым айтышуу себеп болгон. Байсалов "Министрлер кабинетин түзгөн президент элдин атынан сүйлөй аларын, парламенттин чечимдери кеңеш берүүчү гана мүнөздө экенин" айткан.

Ал "парламенттин жыйыны эки бийлик бутагынын сүйлөшө турган аянтчасы экенин, депутаттар да өкмөткө мамилесин оңдошу керектигин" айтып, парламент депутаттары менен кайым айтышкан учурлары буга чейин да катталган.

2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Баш мыйзам кайра өзгөртүлүп, өлкө референдум жолу менен президенттик башкарууга өткөн жана парламенттин ролу менен ыйгарым укуктары кыйла кыскарган. Ал Баш мыйзамда депутатты чакыртып алуу жобосу кошулган.

Соңку парламенттик шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрда өткөн. Жогорку Кеңештин бул чакырылышы 90 депутаттан куралган. Алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланып келген. (KЕ)

Дагы караңыз

Башкы прокуратуранын мурдагы ордуна бизнес борбор кура турган компания сунушунан баш тарттыАннексияланган Крымды Украина менен туташтырган көпүрө аткыландыУруксатсыз үйлөргө мунапыс баштала элекОктон жараат алган жоокер ур-токмокко да кабылганы тастыкталды