27-июндан 2-июлга чейин Ташкент шаарында өтүүчү Cinema Love деп аталган кинофестивалга кыргызстандык режиссерлор тарткан тогуз тасма катышат.
Кинематографты өнүктүрүү фонду билдиргендей, алар: режиссерлор Илгиз Шернияз жана Соорон Тургунмамат уулу тарткан "Аламан", Тамара Кубаеванын "Түпкүрдө", Гүзел Дүйшөнкулованын "Келин Таш", Таберик Юсупованын "Киндик Эне", Караш Жанышовдун "Перзент", Айтурган Айнакулова жана Алина Байтокованын "Замандаш", Бекзат Туратбек уулунун "Эне", Наргиза Маматкулованын "Таштардын шыбыры" жана Айгүл Абласанованын "Manning Up" тасмалары.
Cinema Love фестивалы кино жана ага карата сүйүүнү чагылдыруу максатын көздөйт. Фестивал быйыл экинчи ирет өтүп жатат.
Кыргызстандык режиссер Далмира Талипбергендин "Белек" тасмасы быйыл күзүндө Asian Pacific Screen Award кинофестивалына "Жаштык тасмасы" категориясында катышууга чакырылганы белгилүү болгон.(ZKo)