Казакстандын Акмоло облусундагы Державинск шаарынын аталышы Кенесары деп өзгөртүлдү. Буга байланыштуу чечимди облустун Жаркайың районунун жашоочулары добуш берүү аркылуу кабыл алганын Qaz365.kz. агенттиги жазды. Жергиликтүү басылмалар шаардын аталышын өзгөртүүнү жашоочулардын көпчүлүгү колдогонун маалымдады.
"Добуштар эсептелди, байкоочулар дагы болду. Добуш берүүгө 325 киши катталып, аларга 321 бюллетень берилди. Шаардын аталышын Кенесары деп өзгөртүүнү 192 адам колдогон, 125и "каршы" добуш беришкен. 4 бюллетень жараксыз болгон", - деп айтылды жыйында.
Казакстанда советтик аталыштардан арылуу маселеси былтыр кайра козголуп, 2025-жылга чейин "идеологиялык жактан эскирген" аталыштардан баш тартуу планы жарыяланган. Бул аралыкта 68 айыл-кыштакты жана 600 башка аталыштарды өзгөртүү каралууда. Демилгеге каршы чыккандар "тарыхты өчүрүп жатышат" деген нааразылыгын айтып келишет.
Жакында эле Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев советтик ишмерлердин ысымдарын берүү тажрыйбасын сындаган.
Кенесары хан 1837-1847 жылдары казактардын орус империясына каршы ири көтөрүлүшүнүн башында турган. Ал 1847-жылы кыргыздарга кол салган учурда колго түшүп, башы алынган. Кийин кыргыз манабы Ормон хан анын башын Орусияга трофей катары жөнөткөнү айтылат. Кенесарынын сөөгүнүн калдыгы кайсы жакта экени тууралуу так маалымат жок. Айрым маалыматтар боюнча Санкт-Петербургдагы Эрмитажда же Кунсткамерада сакталып турушу мүмкүн.
Көп жылдан бери эле казак бийлиги Кенесары хандын башын кайтарып алуу маселесин Орусия менен сүйлөшкөнү тууралуу маалыматтар айтылып келет. (КЕ)
Дагы караңыз
Министр Бишкек ЖЭБин газга өткөрүүгө каражат бөлүнөрүн билдирди Таш-Көмүрдө дайынсыз болгон жети жаштагы баланы дарыядан издеп жатышатИюнда Токтогулда былтыркыга караганда 2 млрд. куб метр аз суу топтолду Сокулуктагы өрт өчүрүлө баштады, төрт киши ооруканага түштү