Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:42

Министр Бишкек ЖЭБин газга өткөрүүгө каражат бөлүнөрүн билдирди


Бишкек жылуулук электр станциясы. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек жылуулук электр станциясы. Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинети Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) газга өткөрүү үчүн каражат бөлүүгө даяр. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев 20-июнда Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде депутаттын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Министрдин айтымында, ЖЭБдин эски блогун толугу менен газга өткөрүү үчүн 4,8 млрд. сомдой кошумча каражат талап кылынат. Учурда бул багытта "Газпром Кыргызстан" ишканасы менен сүйлөшүү жүрүүдө.

"Бул кошумча чыгым болот. ЖЭБди газга өткөргөндө жылуулукту чыгарган электр энергиясынын баасы дагы бир аз өсөт. Ошол багытта иштеп жатабыз. Азыр мэрия менен дагы чогуу иштеп, көмүр маселесин сүйлөшүп жатабыз. Учурда жаңы конуштар Кара-Кечеден чыккан көмүрдү пайдаланып жатат. Быйыл колориясы өйдөрөөк шабыркүл көмүрүн жагып көрөлү деп жатабыз. Биздин биринчи милдет ыш маселеси. Азыр таштанды дагы жабылды", - деди Ибраев.

Мунун алдында депутат Эмил Жамгырчиев министрлик жана тийиштүү мекемелер ыш маселесин кантип алдын алып жатканына кызыккан.

Бир күн мурда Министрлер кабинети жылытуу мезгилинде Бишкектин экологиялык абалын жакшыртуу жана ышты алдын алуу боюнча жумушчу кеңешме өткөргөн. Жыйында Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) отун менен камсыздоо түзүмүн өзгөртүү, көмүрдүн ордуна жаратылыш газын пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү талкууланган. Эгерде ЖЭБди жаратылыш газына өткөрсө, көмүрдү колдонуу 600 миң тоннага чейин кыскара турганы айтылган.

Декабрь айында Кыргыз гидрометеорология институту Бишкектин абасында күкүрт кош кычкылы, азот кычкылы, формальдегид заттары нормадан ашык экени атайын изилдөөдө аныкталганын билдирген.

Ага чейин 30-ноябрда ЮНИСЕФтин "Бишкектеги аялдар менен балдардын ден соолугу менен социалдык жашоосуна булганыч абанын тийгизген таасири" аттуу изилдөө чыккан. Анда 2021-жылдын 1-июлунан 2022-жылдын 30-июнуна чейин Бишкекте ыш 112 өлүмгө себеп болуп, шаардыктар 2 миллиард сом материалдык чыгым тарткан деген тыянак чыгарган.

Саламаттык сактоо министрлиги ЮНИСЕФтин бул тыянагын четке кагып, мындай фактылар далилденбегенин билдирген.

Соңку жылдары Бишкек айрыкча суук түшкөн маалда дүйнөнүн абасы эң булганган шаарларынын сап башына чыгып келет.(КЕ)

XS
SM
MD
LG