Таш-Көмүрдө дайынсыз болгон жети жаштагы баланы дарыядан издеп жатышат

Дайынсыз жоголгон 7 жашар баланы издөө. Нарын суусу, Таш-Көмүр шаары. 20-июнь, 2023-жыл. Сүрөт ӨКМге таандык.

15-июндан бери дайынсыз болуп жаткан 7 жаштагы баланы издөө иштерин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) куткаруучулары бүгүн, 20-июнда да улантып, бирок натыйжасыз болду. Караңгы кирип кеткенине байланыштуу бүгүнкү иш токтотулду.

ӨКМден жалпы 26 куткаруучу, эки милиция кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 14 адам издөө иштерине тартылды.

Дайынсыз жоголгон 7 жашар баланы издөө. Нарын суусу, Таш-Көмүр шаары. 20-июнь, 2023-жыл.

Таш-Көмүр шаарынын Чапаев көчөсүнүн тургуну, 2016-жылы туулган бала 15-июнда, саат 10:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы, анын Нарын дарыясына түшүп кетиши мүмкүн экендиги тууралуу маалымат түшкөн.

ӨКМ күн ысыгандан бери агын сууга жана көлмөгө түшүү арбыганын, бул адам өмүрүнө, өзгөчө балдарга кооптуу экенин эскертип келет.

Мекеменин маалыматына караганда, Кыргызстанда былтыр бир жыл ичинде 85 адам сууга чөгүп каза болгон жана мындай кырсыктардын эң көбү жайкы сезондо Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарында катталган. Каза болгондордун 28и 12 жашка чейинки балдар.(ZKo)

Дагы караңыз

Шойгу Киевди чечим кабыл алуу борборлоруна сокку урабыз деп коркуттуСокулуктагы өрт өчүрүлө баштады, төрт киши ооруканага түштү Кыргызстанда ЖККУнун аскердик машыгуусу өтөтНаристелердин өмүрүн узарткан чет элдик дарыгерлер Чолпон-Атада Волейбол боюнча улуттар лигасы өтүүдө