Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:41

Чолпон-Атада Волейбол боюнча улуттар лигасы өтүүдө


Чолпон-Ата шаары. 19-июнь, 2023-жыл.
Чолпон-Ата шаары. 19-июнь, 2023-жыл.

Чолпон-Ата шаарында волейбол боюнча эркектер арасында CAVA улуттар лигасы өтүүдө.

Кыргызстандын волейбол федерациясы билдиргендей, мелдешке Кыргызстандын эки командасы (улуттук жана жаштар курамасы), Өзбекстандын, Түркмөнстандын, Ирандын 18 жашка чейинки курамасы, Монголиянын жана Непалдын курама командалары катышууда. Оюндар айлампа иретинде өтүп, ар бир команда бири-бири менен ойноп чыгып, жеңүүчүнү аныкташат.

Мелдештин биринчи туру 18-июнда болгон, Кыргызстандын улуттук курама командасы Өзбекстанды 3:0 эсебинде жеңди. Монголия курамасы Непалды 3:1 эсебинде утту. Кыргызстандын жаштар курама командасы Түркмөнстан курамасын 3:1 эсебинде жеңди.

Кечээ 19-июнда, мелдештин экинчи турунда Монголия Түркмөнстанды 3:1 эсеби менен утту. Иран Өзбекстанды 3:0, Кыргызстан Непалды 3:1 эсеби менен утту. 2-турдагы оюндардан кийин турнирдик жадыбалда 6 упай менен Кыргызстан 1-катарда келе жатат.

Бүгүн 20-июнда, 3-турда Кыргызстандын жаштар курамасы Монголияга 1:3 эсебинде утулду. Иран менен Непал учурда ойноп жатат.

18-июнда башталган мелдеш 25-июнда жыйынтыкталат. (GT)

XS
SM
MD
LG