Орус бийлиги дагы бир ирет Украинадагы «чечим кабыл алуучу борборлорду» талкалоо тууралуу эскертти. Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгу министрликтин жыйынында «кызыл чектер» тууралуу айтты. Анын сөзүнө караганда, «кызыл чек» бул Украинанын аннексияланган Крымга жана Орусиянын аймагына урулган ракеталары.
Шойгунун айтымында, украин куралдуу күчтөрү HIMARS жана Storm Shadow ракеталары менен Орусиянын аймагына жана аннексияланган Крымга сокку урууну көздөп жатат.
«Бул ракеталарды атайын аскердик операциянын аймагынан тышкары колдонуу АКШ менен Британияны жаңжалга тартуу дегенди билдирет. Анын артынан жооп катары Украинадагы чечим кабыл алуучу жайларга сокку урулат», - деди ал.
"Атайын аскердик операциянын аймагы" деген эмнени түшдүрөрүн Шойгу тактаган жок.
Соңку жумаларда украин аскерлери орус күчтөрү басып алган Мариуполь, Бердянск, Луганск жана башка аймактарга Storm Shadow ракеталары менен сокку урган.
Украинага курал-жабдыктан каралашып жаткан Батыш мамлекеттери Орусиянын аймагына сокку урулушун каалашпастыгын, ошол эле учурда Крым эл аралык укукка ылайык Украинанын аймагы экенин белгилеп келишет.
Дагы караңыз
Чолпон-Атада Волейбол боюнча улуттар лигасы өтүүдөOCCRP: Путиндин достору санкцияларга карабай четтеги байлыгын сактап калганШопоков шаарында мунай сакталган жайда чыккан өрттү өчүрүү аракети уланууда