Украинанын Куралдуу күчтөрү Запорожье облусунун түштүгүндөгү Пятихатки кыштагын орус күчтөрүнөн бошотконун коргоо министринин орун басары Анна Маляр тастыктады.
Аталган кыштак украиндердин көзөмөлүнө өткөнүн 18-июнда Орусия дайындаган жергиликтүү администрациянын башчысы Владимир Рогов Телеграмга жазган. Орусиянын Коргоо министрлигинин жекшембидеги бюллетенинде "айылды алуу аракети көрүлгөнү, чабуулдун мизи кайтарылганы" айтылган.
Украин аскерлери акыркы эки аптада Донецк облусундагы жети кыштакты орус армиясынан бошоткон.
Украин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Бахмут, Лиман, Авдеевка жана Марьинка багыттарында айыгышкан салгылашуулар уланып жатканын билдирүүдө.
Дагы караңыз
Султанбаев: Бийликтеги адамдардын атын сатып, акча алгандарды аныктоо тапшырмасы берилдиКахов ГЭСи: жардыруудан кийин курмандыктардын саны өсүүдөТаш-Көмүрдө жети жаштагы бала дайынсыз болуудаБишкекте жоголуп, Анкарада табылган Инанды 21 жылга кесилди