Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:21

Кахов ГЭСи: жардыруудан кийин курмандыктардын саны өсүүдө


Ыктыярчылар жана муниципалдык кызматкерлер Голая Пристань шаарындагы суу астында калган үйлөрдөн сөөктөрдү алып чыгууда. Сүрөт 2023-жылдын 16-июнда тартылган.
Ыктыярчылар жана муниципалдык кызматкерлер Голая Пристань шаарындагы суу астында калган үйлөрдөн сөөктөрдү алып чыгууда. Сүрөт 2023-жылдын 16-июнда тартылган.

Кахов ГЭСиндеги 6-июнда болгон жардыруудан кийин курмандыктар саны өсүп жатканын Украинанын ички иштер министри Игорь Клименко билдирди. Анын маалыматына караганда, набыт болгон 17 адамдын 13ү сууга чөгүп, төртөө эвакуация учурунда окко учкан. Учурда 31 адам дайынсыз болууда.

Кеп бул жерде Украина көзөмөлдөгөн Днепрдин оң жээгиндеги жоготуулар тууралуу жүрүүдө. Бирок күбөлөрдүн айтымында, украин тарап орусиялык аскерлер көзөмөлдөгөн сол жээкте дагы куткаруу иштерин жүргүзүүгө аракет кылууда. 11-июнда украин бийлиги эвакуация учурунда орусиялык аскерлердин аткылоосунан үч киши каза тапканын билдирген.

Украинанын ички иштер министринин маалыматына караганда, оң жээкте 876 үйдү суу басты. Кооптуу аймактардан 3,5 миңден ашык киши эвакуацияланды. Орусиянын көзөмөлүндө турган сол жээкте суу чоң аймакты каптап, эвакуацияга муктаж адамдар көп экени кабарланган. Ыктыярчылар аларды куткаруу жана жардам көрсөтүүгө тоскоолдуктар болуп жатканын айтууда.

Кахов ГЭСиндеги дамбанын жарылуусунан улам суу каптаган Херсон облусунун Орусия көзөмөлдөгөн бөлүгүндө кайтыш болгондордун саны 35ке жеткенин аймактын Москва дайындаган башчысы Андрей Алексеенко жекшембиде билдирди. Бир күн мурдагы маалыматта 29 адам деп берилген эле.

Мунун менен эки тараптан набыт болгондордун саны расмий маалыматтар боюнча 50 адамдан ашты.

Reuters агенттиги жекшембиде Голая Пристань шаарындагы суу ташкындоодон кийинки сүрөттөрдү жарыялады. 16-июнда тартылган сүрөттөрдө суу баскан үйлөрдөн адамдардын сөөктөрүн алып чыгып жатышканын көрүүгө болот.

Орусия көзөмөл кылган шаардын бийлиги куткаруу иштерин өз учурунда жүргүзө албай, карантин жарыялаганын ыктыярчылар билдирген. Херсон облусундагы суу каптаган ондогон айыл-кыштактагы эл дале жардамга муктаж.

Кахов ГЭСинин дамбасы 6-июнга караган түнү жардырылган. Суу ташкыны Днепрдин эки тарабындагы элүүдөн ашуун шаар-кыштактарды каптаган.

Днепр дарыясындагы ири дамбаны жардырганы үчүн Киев Москваны айыптаган. Кремль Кахов ГЭСиндеги жардырууга тиешеси жок экенин билдирген. Орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Кахов ГЭСинин жардырылышын атайылап жасалган диверсия деп атаган.

XS
SM
MD
LG