Курман айт 28-июнга белгиленди

Бишкектеги Айт намазы. 9-июль, 2022-жыл.

Быйылкы Курман айт 28-июнда белгиленерин Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы маалымдады.

Курман айт Орозо айттан 70 күндөн кийин жана ажылык зыяраттын соңунда болот. Орозо айт 21-апрелде белгиленген.

Кыргызстандык зыяратчылардын быйылкы ажылык сапары 12-июнда башталган. Муфтият билдиргендей, быйылкы ажылык сапары үчүн Кыргызстандан он аба каттам аткарылат жана анын жетөөсү Ош шаарынан учат. Быйыл кыргызстандык ажыларды ташый турган болгон Jazeera авиакомпаниясынын акыркы каттамы 21-июнда учуп барат.

Муфтият быйылкы ажылык сапардын баасы кыргызстандык жарандар үчүн 3900 долларды түзгөнүн билдирген. Быйыл Сауд Арабиясы Меккеге ажылык сапарга Кыргызстан үчүн 6110 орун бөлүп берген. (ZKo)

Дагы караңыз

"Убада берилгенден аз акча алдык". Европада айдоочу болуп иштеген мигранттар АКШ Украинанын Кахов ГЭСиндеги жардыруунун себебин иликтеп жатат Казакстан орус газын Өзбекстанга өткөрүүгө 2024-жылы даяр болот Белгород: энергетикалык объектилердин биринде өрт чыкканы кабарланды Батыш, Кытай жана Орусия үчүн кадыры арткан Борбор АзияКыргызстанда жылуулук жана ысык суунун тарифи көтөрүлдү