"Европа Биримдиги-Борбор Азия" саммити Украинадагы согуштун, Москвага каршы салынган санкциялардын фонунда өтүп жатат. Айрым эксперттер ушу тапта аймактын мааниси артып жатканын, бирок адам укуктары соода, логистикалык долбоорлордун көлөкөсүндө калганын белгилешет.
Бул маселелердин айланасында биз Борбор Азия боюнча талдоочу Брюс Панниер жана Лондондогу Тышкы саясат борборунун изилдөөчүсү Франциско Олмосту сөзгө тарттык.
Франсиско Олмос мындай форматтагы биринчи саммит жети ай мурда эле уюштурулганын эске салып, жакында Борбор Азия лидерлери Москвага Жеңиш майрамынын урматына барганда орус президенти Путинге, көп узабай Кытайдын Сиан шаарында Си Цзинпинге жолугушканын белгиледи.
Чөлкөм лидерлери бир нече аптадан кийин эле Чолпон-Атада Еврошаркеттин жетекчилери менен кездешүүдө. Анын пикиринде, мунун бардыгы учурдагы геосаясий кырдаалда аймактын ролу артып баратканынан кабар берет:
- Албетте, Украинадагы согуштан улам Борбор Азия Еврошаркеттин көңүл чордонунда болууда. Чөлкөм ар кандай себептерден улам Брюсселдин салттуу, артыкчылыктуу багыттарынын бири болчу деп айтуудан алысмын. Менимче, эми жаңжалга байланыштуу абал өзгөрдү. Мисалы, Москвага салынган ошол эле санкцияларды, аларды аткаруу маселесин айтсак болот. Экинчиден, саясий жагдайларды да белгилей кетүү зарыл. Евробиримдик Борбор Азия мамлекеттеринин толугу менен Орусияга ооп кетишин каалабайт. Албетте, алардын өз тышкы саясаты бар, аны аныктоо үчүн Брюсселге таянышы керек деп айта албайбыз. Саясий деңгээлде чөлкөмгө көңүл бурулууда дегеним. Мындан тышкары, согуш таасир эткен айрым долбоорлорду да эстен чыгарбоо зарыл.
Узак мөөнөттүү энергетикалык, логистикалык айрым долбоорлор буга чейин эле башталган. Согуш аларга көбүрөөк көңүл бурууга түртүп жатат. Чыгыш менен Батышты байланыштырган, Орусияны кыйгап өткөн логистикалык жолдорду алганда Борбор Азия чечүүчү ролду ойнойт.
Энергетика тармагын карасак, орус мунайы менен газын импорттоп келген шаркет башка булактарды табуу аракетин көрүүдө. Бул жагынан Борбор Азия маанилүү болушу мүмкүн. Скептикалык көз караштар айтылганы менен ошол эле Транскаспий кууруна кызыгуу жанданды. Же "Казакойл" компаниясы быйыл Каспий деңизи аркылуу Румынияга продукциясын жөнөтө баштаганын көрдүк. Көлөмү анча көп болбогону менен, шаркет мунай жана газдын альтернативдүү булактарына көңүл буруп келет. Жалпылап айтканда, Орусия Украинага ачкан согушка чейинки жылдарга караганда аймактын саясий, соода, энергетикалык, логистикалык мааниси Брюссель үчүн артып баратат.
Брюс Панниер Европа Биримдиги эки жылдай мурда Борбор Азия менен кызматташуусунун жаңы программасын жарыялаганын эске салды. Анын алкагында чөлкөмгө бөлүнгөн 2 миллиард евро негизинен жашыл энергетика тармагындагы долбоорлорго сарпталган.
- Еврошаркет Борбор Азияга узак мөөнөттүү, жергиликтүү элге пайда алып келген долбоорлорду сунуш кылып жатканын байкасак болот. Ошон үчүн күн же шамал энергиясы менен иштеген станцияларды же ушул өңдүү ишканаларды куруп жатат. Ал долбоорлор аяктагандан кийин ошол мамлекеттер шаркетке очойгон карыз болбойт. Орусия Украинага кол салгандан бери шаркет орус аймагынан өтпөгөн жаңы соода багыттарын табуу аракетин көрүп жатат. Кытай менен Европаны байланыштарган жолдун Борбор Азия жана Кавказ аркылуу өтүшүн каалайт. Бул багытта белгилүү бир иш жасалып жатат.
Мисалы, "Бир алкак-бир жол" демилгеси же Азия өнүктүрүү банкы мындан 20 жыл мурда иштеп чыккан Борбор Азиядагы Регионалдык экономикалык кызматташтык программасын атаса болот. Демек, инфраструктуранын бир бөлүгү бар, Еврошаркет аймакка ошол түйүндү кеңейтүүгө жардам берүүгө аракеттенүүдө. Мисалы, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу анын бир бөлүгү болуп калмакчы. Муну менен жол жүрүүгө кеткен убакыт кыйла кыскарат. Бээжин анын үстүнөн азыр иштеп жатат. Евробиримдик андай долбоорду колдой алат деп ойлойм. Ошон үчүн Борбор Азия менен Европанын, аймак аркылуу Европа менен Кытай ортосундагы байланыштарды чыңдоого аракеттенүүдө.
- Чолпон-Ата шаарындагы саммит алдында беш укук коргоочу уюм Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишелди аймактагы адам укуктарынын абалын талкуулоого чакырышты. Алар адам укуктарынын абалын жакшыртууну Еврошаркет менен мамилелерди бекемдөөнүн шарты катары талап кылууга үндөштү. Брюсель аймактагы адам укуктарынын абалына канчалык көңүл бурат, абалды жакшыртууга канчалык кызыгат?
Брюс Панниер: Абдан кызыгат. Албетте, муну калың эл алдында көп айтпайт. Мен мисалы, Евробиримдиктин Борбор Азиядагы акыркы эки атайын өкүлү менен жеке таанышмын. Алар адам укуктары темасын такай козгоп келгенин билем. Брюсселдин өкүлдөрү адам укуктарын урматтасаңар, эл башкаруу ыкмаңарга канааттанса, башкача айтканда алардын мүдөөлөрү эске алынууда деп билишсе, коом стабилдүүрөөк болот, исламчыл экстремизм өңдүү сырткы коркунучтарга туруштук бере алат деп белгилөөгө аракеттенишет. Айтор, адам укуктары маселеси дайыма козголуп келет.
Муну менен бирге шаркет Борбор Азия лидерлерине адам укуктарын сактоо алардын кызыкчылыгына дал келерин түшүндүрүүгө аракеттенет. Себеби, укуктар менен эркиндиктер урматталганда гана бийликтин кадыр-баркы өсөт. Албетте, Брюссель адам укуктары жаатындагы процесстер ушу тапта тескери жакка өнүгүп жатканынан кабардар. Бул көйгөй Евробиримдиктин артыкчылыктуу багыты деп айтуу кыйын. Жаңылыктардан баамдасаңар, көбүнчө соодага, башка байланыштарга көбүрөөк көңүл бурулгандай. Балким ушул чөйрө арткычылыктуу чыгаар? Бирок биримдиктин расмий адамдары борбор азиялык жетекчилер менен жолукканда адам укуктары темасы дайыма күн тартибинде болуп келет. Азыр, жаңы соода жолдорун табуу аракет көрүлүп жатканда, балким тынчсыздануу жараткан негизги маселе эмес.
Франсиско Олмос дагы буга үндөш пикири менен бөлүшөт. Анын айтымында, Еврошаркет ушу тапта көбүнчө жогоруда айтылган соодага, энергетикалык жана логистикалык долбоорлорго кызыгып турат:
- Мындан улам адам укуктары темасы Брюсселдин, ал жактагы расмий адамдардын көз жаздымында калганы таңкалычтуу эмес. Бул жалаң гана шаркеттин алкагында эмес, эки тараптуу мамилелерде, айталы француз президенти Макрон же немис канцлери Шольцтун Казакстан же Өзбекстан менен өз ара иш алып баруусунан да байкалат. Адам укуктарынын абалы козголбойт же жетиштүү талкууланбайт. Мунун себебин чечмелесек, менимче, бул маселеде катаң позиция ээлесе, региондун өлкөлөрү ого бетер Москва же Бээжинге ыкташат, алардын кучагына түртөбүз дешет, эмне дегенде ал эки мамлекет адам укуктарынын абалына таптакыр кызыкпайт. Демек, шаркет прагматикалык көз караштан алып караганда, азыркы жана болочоктогу маанилүү өнөктөштүктү ойлоп жатат.
- Батыш өлкөлөрү, анын ичинде Европа Биримдиги Борбор Азия мамлекеттерине Москвага санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам берүүнүн кесепеттерин эскертип келатат. Санкция маселесине келгенде Еврошаркет олуттуу кадамдарга барышы мүмкүнбү?
Брюс Панниер: Бул жаатта Борбор Азия кысымга туш болуп жатканы айдан ачык. Менимче, бул жерде маалымат каражаттарына көз каранды жагдайлар бар. Алар санкцияларды кыйгап өтүү учурларынын бетин ачып, андай иштер жоопсуз калбайт деп көргөзө алат. Борбор Азиядагы мамлекеттик аткаминерлердин көбүнүн ири бизнес менен байланышы бар экенин жакшы билебиз.
Санкцияларды буйтап өтүп көп акча тапса болот, менимче бул тенденцияны токтотуу оор. Орусия санкция салынган компьютер чиптерин, башка товарларды алууга жан үрөп жатат. Менимче, Москва бул үчүн адаттагыдан көбүрөөк акча сунуш кылууда. Бизнесмен же экспорт бизнесине ээлик кылган мамлекеттик кызматкер болсоң, көбүрөөк кирешеден кол жууп калгың келбейт да, туурабы?
Өкмөттөр же жеке адамдар болобу, өз кызыкчылыгында иш алып барары анык. Демек буга чекит коюу кыйын болмокчу. Андай көмүскө иштердин бетин ачуу зарыл, мунун арты кандай кооптуу нерселерге алып келиши ыктымал деген маселе пайда болууда. Менимче, Орусия бул согушта утулат, андыктан санкцияларды бузуу же сактоо маселеси актуалдуу болбой калат деген ойду кармангандар көп. Бирок буга бир аз эрте, себеби уруш уланууда. Андай болсо да, Батышта көптөгөн адамдар Москва жеңилгенде маселе өзүнөн өзү чечилет, жок болот деп ойлошот. Борбор Азияга жазалоочу чараларды аткаргыла деген кысым жасалганы менен, ошол эле маалда бир нече жылдан кийин бул маанилүү маселе болбой калат деген үмүт бардай.