Бишкекте "Түнкү жарыш" марафону өтөт

Ак илбирсти коргоого арналган марафондун катышуучулары. Бишкек. Октябрь, 2022-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

17-июнь күнү кечки саат алтыда жыл сайын өткөрүлүүчү "Түнкү жарыш" марафону өткөрүлөт. Марафон борбор калаада быйыл 5-ирет өткөрүлүүдө. Иш-чараны уюштуруучу "Nomad Sport" коомдук уюмунун басма сөз кызматы кабарлагандай, жарышка катышуу ниетин 2 500 адам билдирип, алдын ала жазылган.

Марафондон түшкөн каражат эл аралык Кызыл чырым коомунун Байтик айылында жайгашкан хосписине берилмекчи.

Жарыш "Аю Грант" соода борборунан башталат. Жөө күлүктөр үч түрдүү дистанцияда - 5, 10, 21 чакырым аралыкка чуркашат.

Марафонго байланыштуу Бишкектин Анкара, Чолпон-Ата көчөлөрү жана Чүй проспектисиндеги коомдук транспорттун багытына өзгөртүү киргизилерин шаар мэриясы маалымдады. Ага ылайык, бул көчөлөр менен каттоочу №5 жана №7 троллейбустук каттамдар 17-июнда саат 18:00дөн баштап убактылуу иштебейт.(ZKo)

Дагы караңыз

Боррел Косово менен Сербиянын лидерлерин Брюсселге чакырды Орусияда дагы бир крымдык татарлардын активисти 20 жылга кесилдиБалбан Улан Муратбек уулу жаштар арасында Азия чемпиону болду (U23)Балдар ооруканасындагы дарыгерлердин чырын этика комиссиясы териштирет Жалал-Абадда бийликти сындаган ишкер камакта отурат Грекияда 79 мигранттын өлүмүнө байланыштуу тогуз киши кармалдыАнкарада Орхан Инанды 21 жылга кесилди