Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:00

Балбан Улан Муратбек уулу жаштар арасында Азия чемпиону болду (U23)


Грек-рим күрөшү боюнча 23 жашка чейинкилер арасында 55 килограм салмакта Азия чемпиону болгон Улан Муратбек уулу. "Бишкек-Арена" спорт комплекси. 16-июнь, 2023-ж.
Грек-рим күрөшү боюнча 23 жашка чейинкилер арасында 55 килограм салмакта Азия чемпиону болгон Улан Муратбек уулу. "Бишкек-Арена" спорт комплекси. 16-июнь, 2023-ж.

Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында кыргызстандык балбан Улан Муратбек уулу жеңүүчү болсо, Жеңиш Жумабеков менен Кайыргүл Шаршебаева күмүш, Нурзат Нуртаева коло байгеге болушту.

Бүгүн, 16-июнда “Бишкек-Арена” спорт комплексинде грек-рим күрөшүнөн үч салмакта, кыз-келиндер күрөшүнөн беш салмакта таймаштар өттү.

Грек-рим күрөшүнөн 55 килограмм салмакта финалда кыргызстандык Улан Муратбек уулу казакстандык Ербол Камалиев менен күрөшүп, 7:3 эсебинде утту. Муратбек уулу ага чейин Өзбекстандык Асадбек Бахрамовду (5:0), түркмөнстандык Абдували Рахимбаевди (10:2) жана жарым финалда индиялык Лалит Латитти (12:7) утуп, финалга чыккан.

87 килограмм салмакта Жеңиш Жумабеков алтын байге үчүн беттеште дагы бир казакстандык Максат Сайлау менен беттеште жеңилип, күмүш медал тагынды. Жумабеков ага чейин түркмөнстандык Азым Аннамаммедов (5:3) менен индиялык Маной Кумарды (9:0) жеңип, финалга чыккан.

Күрөштүн бул түрүнөн 63 килограмм салмакта күч сынашкан Бекназар Бакытбек уулу айлампа тартибинде эки беттешке чыгып, казакстандык Ассаухат Мухамедиевге жеңилип, түрмөнстандык Рысгал Куватгелдиевди утуп байге үчүн таймаштан четтеди. Күрөштүн бул түрүнөн 15-июнда өткөн таймаштарда Кыргызстандын жаштар курама командасы (U23) эки алтын, төрт күмүш байгеге ээ болгон. Эки күнгө созулган таймаштардын жыйынтыгында грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасы (U23) жалпы командалык эсепте үч алтын жана беш күмүш медал менен 2-орунду ээледи. 1-орунду Казакстан (төрт алтын, беш күмүш), 3-орунду Индия курамасы алды (алты коло).

Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасы бул күнү бир күмүш жана бир коло байгеге ээ болду. 76 килограмм салмакта айлампа тартибинде күч сынашууларда эки атаандашын утуп, эки жолу жеңилген Кайыргүл Шаршебаева күмүш медал тагынды. 68 килограмм салмакта Нурзат Нуртаева коло медал тагынды. Нуртаева дагы айлампа тартибинде өткөн таймаштарда эки жолу жеңишке жетип, эки жолу утулган.

Эртең, 17-июнда кыз-келиндер күрөшүнөн беш салмакта, эркин күрөштөн үч салмакта таймаштар болот. Күрөштүн бул түрлөрүнөн Кыргызстандан Айжан Сабырбек кызы (53 кг), Бермет Нуридин кызы (57 кг), Таңчолпон Кыбалбекова (62 кг), Дилназ Сазанова (65 кг), Бекзат Алмаз уулу (57 кг), Орозобек Токтомамбетов (70 кг) жана Каныбек Абдулхаиров (97 кг) күч сынашат.

15-июнда башталган күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионаты “Бишкек-Арена” спорт комплексинде 18-июнга чейин уланат. Буга чейин 10-июндан 13-июнга чейин ушул эле спорт комплексте күрөш боюнча 17 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионаты өтүп, Кыргызстандын балбандары беш алтын, үч күмүш жана беш коло байгеге ээ болушкан. Удаа өтүп жаткан кош чемпионатка 22 мамлекеттен 500гө жакын спортчу келген. (ECh)

XS
SM
MD
LG