Евробиримдиктин Тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел Сербиянын президент Александр Вучич менен Косовонун өкмөт башчысы Альбин Куртини эки өлкө ортосундагы чыңалууну жайгаруу максатында кийинки жумага Брюсселге чакырды.
Косово полициясы 14-июнда билдиргендей, мыйзамсыз аткезчиликти ооздуктоо максатында жолго чыккан үч офицер дайынсыз жоголгон. Косовонун ички иштер министри Желал Швечла «полициячыларды уурдап кетти» деп Сербияны айыптады.
Белград офицерлер Сербиянын аймагында кармалганын билдирди.
Бул окуядан бир нече жума мурда Косовонун түндүгүндө этностук сербдер менен Косоводогу туруктуулукту камсыздоо боюнча эл аралык күчтөрү кагылыша кетишкен. Жыйынтыгында отуз чакты аскер жарадар болгон.
16-июнда «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун аймактагы кабарчылары билдиргендей, Сербиянын түштүгүндөгү Кралево шаарынын соту үч полициячыны камакта калтыруу чечимин кабыл алган. АКШ менен Британия эки өлкө ортосундагы чыңалууну төмөндөтүү үчүн Сербияны полиция кызматкерлерин токтоосуз бошотууга чакырды.
Дагы караңыз
Грекияда 79 мигранттын өлүмүнө байланыштуу тогуз киши кармалдыКазакстандын мурдагы маданият министрине сотто акыркы сөз берилдиЧех президенти Павел: Батышта жашаган орусиялыктарга тыкыр көз салуу керек