Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:51

Казакстандын мурдагы маданият министрине сотто акыркы сөз берилди


Казакстандын мурдагы маданият жана спорт министри сотто сүйлөп жатат. 16-июнь, 2023-жыл. Астана.
Казакстандын мурдагы маданият жана спорт министри сотто сүйлөп жатат. 16-июнь, 2023-жыл. Астана.

Казакстандын мурдагы маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулына 16-июнда сотто акыркы сөз берилди. Ал өзүнө тагылып жаткан айыптардын баардыгын четке кагып, "анын акча кымырып алганы тууралуу бир да далил келтирилбегенин" белгиледи.

"Урматуу сот! Мен кандай гана жаза болбосун, атүгүл атууга кеткенге да даярмын. Бирок акча кымырып алуу үчүн эмес. Казактарда жакшы макал бар Уят өлүмдөн артык", -деди мурдагы министр.

Мухамедиулы Астанадагы Улуттук музейдин жетектеп турган маалда "бюжеттик каражатты кымырып алган" деп айыпталууда. Казакстандын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы аткаминер "Алтын адамдын дүйнө музейлерин кыдырышы" деп аталган эл аралык көргөзмөгө бөлүнгөн каражаттан 146 миллион теңге (335 миң доллар) кымырып алган деп шектелип жатканын билдирген.

Мухамедиулы 2014-жылдын август айынан 2019-жылдын июнь айына чейин Казакстандын маданият жана спорт министри болгон.

Анын соту ушул жылдын апрель айынан бери жүрүп жатат. Прокурор Мухамедиулыны тогуз жылга эркинен ажыратууну өтүндү.

Андан тышкары, антикоррупциялык кызмат аны "Дипломат" отелин рейдерлик жол менен басып алган деп шек санап жатат.

  • Арыстанбек Мухамедиулы 2016-жылы министрлик кызматты аркалап турганда кыргызстандык кыздар мекенинде жумуш жок болгондуктан, Орусияда даараткана тазалап жүргөнүн, муну Айтматов мурун эле билип, эскерткенин айткан. Анын бул сөзү Кыргызстанда да, Казакстанда да талкууга түшүп, сынга алынган. Казакстандык бир катар коомдук ишмерлер "маданияты жок министрдин айткандары" үчүн кыргыз элинен кечирим сураган. Мындан кийин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстанга нааразылык нотасын жолдоп, Арыстанбек Мухамедулы кечирим сураган.

XS
SM
MD
LG