Ленин районунда өткөн шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды

28-майда №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоо өткөн.

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин Ленин районунда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты. Боршайком мындай чечимди 16-июндагы жыйынында кабыл алды.

Буга мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болгон Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болду.

Маалымат боюнча, Дамира Ниязалиева добуштардын 35,86% алган. Эгерде шайлоо участогуна келгендердин 30% көбүнүн добушу жокко чыгарылса, анда шайлоо өткөн жок деп табылып, бир айдын ичинде жаңы шайлоо дайындалат.

28-майда №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоо өткөн. Дамира Ниязалиева менен Улан Сариев “шайлоочулардын добушун сатып алууга” шек саналып жатат. (BTo)

Дагы караңыз

Күрөш (U23): кыргызстандык эки балбан Азия чемпионатынын финалына чыктыКазакстандын мурдагы маданият министрине сотто акыркы сөз берилдиОшто жер көчкү коркунучунан улам 39 киши коопсуз жайга көчүрүлдүЧех президенти Павел: Батышта жашаган орусиялыктарга тыкыр көз салуу керек Президент Жапаров “Кыргызфармацияга” каражат толук берилбегенин сынга алды