Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Баткенде коңшу мамлекеттердин биринен аткезчилик менен алынып келинген дары-дармектер кармалганын билдирди. Бирок кайсы өлкөдөн ташылып келатканын тактаган жок.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, 9-июнда "Ауди А6" үлгүсүндөгү автоунаа менен кетип бараткан Лейлек районунун эки тургуну кармалган. Алар дары-дармектерди Лейлек районунан Кадамжай районуна сатуу үчүн алып баратканы аныкталган.
Бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Жүктү жок кылуу үчүн материалдарды бажы органдарына өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү каралууда. (BTo)
Дагы караңыз
Баткен: турак жайларды салган "Келечек ЛТД" компаниясынын өкүлү кармалдыБаткен облусунда муктаж адамдар үчүн ипотекалык үйлөр салынат Беларуста көзү өткөн адамга да кылмыш ишин козгоого уруксат берилиши мүмкүнМинистр Максүтов Моргенштернди Бишкекке келтирбөө аракети көрүлүп жатканын айттыОрусияда “тыңчы” тизмесине былтыр 188 адам жана уюм киргизилгенКүрөш (U23): Бейшекеев менен Жанышов жаштар арасында Азия чемпиону болушту