Аба ырайы: айрым аймактарда өткүн өтөт

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 16-июнда Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан жаабайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 32…37;

Талас жергесинде түнкүсүн 12…17, күндүз 31…36;

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 18…23, күндүз 34…39;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28;

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 22…27;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы 16…18°, күндүзгү температурасы 32…34° болот.

Дагы караңыз

Депутат Икрамов ишкерлер “Аманат Стройго” нааразы болуп кайрылганын айтты "Кемпир-Абад иши": Айыпталып жаткандардын кайрылуусу жарыяландыУкраинанын үч облусу кайрадан жапырт аткылоого кабылдыКазакстанда каржы пирамидасы үчүн соттолгондор ачкачылык жарыяладыДепутат Нарматова “Медиахабдын” журналистин сотко берерин айттыСот журналист Зулпукар Сапановду актаганы белгилүү болду