Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:32

Депутат Икрамов ишкерлер “Аманат Стройго” нааразы болуп кайрылганын айтты


Тазабек Икрамов.
Тазабек Икрамов.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта кыйраган үйлөрдү курган “Аманат Строй Инвест” компаниясы ишкерлердин акчасын бербей жатканын билдирди. Бул тууралуу депутат парламенттин 15-июндагы жыйынында маселе көтөрүп, ага ишкерлер арызданып кайрылганын айтты.

“Аманат Строй Инвест” ишкерлерден 19 млн. 680 миң сомдук курулуш материалдарды алган. Акчаны ушул күнгө чейин бербей атыптыр. 24 ишкер кат жазып, өздөрү да келип кайрылуу кылып атышат. Маселени чечиш керек. “Аманат Строй Инвест” жеке ишкерлердин каражатын эмнеге бербей атат?”, - деди депутат.

Аталган компания парламентте көтөрүлгөн маселе тууралуу комментарий бере элек.

Ушул эле маселени депутат Сүйүнбек Өмүрзаков Жогорку Кеңештин 25-майдагы жыйынында көтөргөн.

Дагы бир депутат Нурлан Ражабалиев парламенттин 20-апрелдеги сессиясында Баткендеги үйлөрдү курган айрым жумушчулар маянасын ала албай жатканын айткан.

Быйыл жыл башында “Спутник” маалымат агенттиги Баткенде куралдуу кагылышта кыйраган үйлөрдү салып жаткан “Аманат Строй Инвест” компаниясына президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаевдин тиешеси бар экенин жарыялаган. Туманбаев ал маалыматты четке каккан.

Президенттин иш башкармалыгы мамлекет башчынын, өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин ишмердигин финансылык, материалдык-техникалык, транспорттук, социалдык-тиричилик, ден соолукту чыңдоо, эс алуу жана медициналык жактан камсыз кылат. Соңку конституциялык өзгөрүүдөн кийин иш башкармалыктын укуктары да кеңейтилген.

13-июнга карата 2022-жылдын сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуяда үй-жайынан ажыраган сегиз үй-бүлөнүн тамы даяр боло элек. Өкмөт убада кылган 417 үйдүн 409унун курулушу аяктаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG