Украинада 14-июнга караган түнү орус армиясынын соккусунан кеминде алты киши мерт кетти. Бул тууралуу украин бийлигинин өкүлдөрү жана аскерлер шаршембиде билдиришти. Өлкө түштүгүндөгү Одесса шаарына жасалган орус күчтөрүнүн соккусу бери дегенде үч кишинин өмүрүн алды. Ондон ашууну жабыркады. Маалыматка караганда орус армиясы Кара деңиздин жээгинде жайгашкан шаарга төрт «Калибр» ракетасы менен сокку уруп, алардын экөө асмандан атып түшүрүлгөн. Эки ракета дүкөндүн кампасына тийип, жанындагы соода борбор, мектеп, карапайым тургундар жашаган комплекс жабыркаган. Аскерлер урандылардын алдында да адамдар калышы мүмкүн экенин айтышууда.
Украина: Орус армиясы Одессаны бутага алды
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.