Түркиядагы зилзаладан кийин издөө, куткаруу иштерине катышкан кызматкерлер сыйланды

ӨКМдин кызматкери Айбек Азыранкулов жана президент Садыр Жапаров. 14-июнь, 2023-жыл.

14-июнда президент Садыр Жапаров Түркиядагы жер титирөөдөн кийинки издөө-куткаруу иштерине катышкан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) кызматкерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өттү.

41 кызматкер “Эрдик”, алтоо “Даңк” медалы менен сыйланышты. 59 киши Ардак грамота алды.

Кыргызстандык куткаруучулар Түркиянын Кахраманмараш жана Хатай шаарларында урандылардын арасынан сегиз адамды тирүү куткарып, каза болгон 198 кишинин сөөгүн таап чыгышкан.

Куткаруучуларга тапшырылган сыйлыктар.

Түркия менен Сириянын чектеш аймагында 6-февралда күчү 7,8 баллга жеткен зилзала болгон. Түш оой аймакта күчү 7,5 баллдык жер титирөө дагы кайталанган.

Расмий Анкара зилзаланын курмандыктары 50 миңден ашканын билдирген. Сирияда 6 миңдей адамдын өмүрү кыйылган. (BTo)

Дагы караңыз

БУУ: Былтыр 110 миллион адам үй-жайын таштап качууга аргасыз болдуУкраина: орус армиясынын ракеталык соккусунан алты киши каза болду  Акыйкатчынын эки орун басары шайландыКыргызстан Сауд өнүктүрүү фондунан 100 миллион доллар насыя алатПрезидент Ысык-Көлдөн 96 миң метр тор, 6 тонна таштанды чыгарылганын айттыКүрөш: Өмүрбек Асан уулу өспүрүмдөр арасында Азиянын чемпиону болду