Акыйкатчынын эки орун басары шайланды

Шухрат Айтиев жана Айчүрөк Назаралиева

Айчүрөк Назаралиева жана Шухрат Айтиев Кыргызстандын акыйкатчысынын орун басары болуп шайланышты. Депутаттар Жогорку Кеңештин 14-июндагы жыйынында экөөнүн тең талапкерлигин бир добуштан колдоду. Алар парламентте ант берип кызматка киришти.

48 жаштагы Айчүрөк Назаралиева 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык факультетинин укук таануу адистигин бүтүргөн. Ал эмгек жолун 1998-жылы Бишкек коммерциялык колледжинде мугалим болуп иштеп баштаган.

39 жаштагы Шухрат Айтиев 2008-жылы Ош мамлекеттик университетинин психология адистигин, 2018-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция адистигин аяктаган. Эмгек жолун 2002-жылы Баткендеги “Салам” радиосунда журналист болуп баштаган.

Парламент ушул эле күнү омбудсмендин орун басары Альберт Колоповду кызматтан алды.

Жогорку Кеңеш 17-майда Жамиля Жаманбаеваны акыйкатчы кылып шайлаган. Анын талапкерлигин “Мекенчил” депутаттык тобу жана “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы көрсөткөн.

Мурдагы акыйкатчы Атыр Абдрахматованы Жогорку Кеңеш 3-майда бир топ депутаттардын каршылыгына карабай мөөнөтүнөн мурда кызматынан алган. Бир катар эл аралык уюмдар жана укук коргоочулар парламенттин чечимин сындаган. (BTo)

Дагы караңыз

Президент Ысык-Көлдөн 96 миң метр тор, 6 тонна таштанды чыгарылганын айттыКыргызстан Сауд өнүктүрүү фондунан 100 миллион доллар насыя алатҮй шартында бала бакча иштеткен ишкерлер салыктан бошотулдуСот, прокурорлордун ишин текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлдүОрусиянын чабуулунан Одессада кеминде үч адам каза болду"Коопсуз шаар" долбоорунан беш айда бюджетке 243 миллион сом түштүОрусияда аскерге чакырылгандар чет өлкөгө чыга турган паспортун тапшырат