"Коопсуз шаар" долбоорунан беш айда бюджетке 243 миллион сом түштү

Бишкекте жол боюна коюлган үч буттуу көчмө аппарат.

2023-жылдын январь-май айларында “Коопсуз шаар” долбоорунан республикалык бюджетке 243,8 миллион сом түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

2019-жылы Кыргызстанда жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн “Коопсуз шаар” долбоору иштей баштаган. Ага ылайык Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарларга, Бишкек-Торугарт, Бишкек-Ош автожолдорунун боюна камералар орнотулган. Бул долбоорду орусиялык “Вега” концерни ишке ашырган.

Ал эми “Коопсуз шаар-2” долбоорун уткан Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd аттуу кытайлык компаниясы жети облус, эки чоң шаар, 15 кичи шаар жана 73 калк жашаган аймакка видео көзөмөл коюп, жалпысынан 306 аппарат орнотушу керек болчу.

“Коопсуз шаар-2” долбоору пландалган мөөнөтүндө ишке ашпай калгандыктан Санарип министрлиги Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd компаниясын сотко берген. (BTo)

Дагы караңыз

Орусияда аскерге чакырылгандар чет өлкөгө чыга турган паспортун тапшыратБаткен: Чек ара окуясында жарактан чыккан үйлөрдүн сегизи бүтө элекФутбол: CAFA Кыргызстан-Ооганстан оюну боюнча чечимин жарыяладыКривой Рог: Орусиянын соккусу 11 кишинин өмүрүн алдыЛукашенко: Орусиянын өзөктүк куралы Беларуска жакынкы күндөрү жайгаштырылат