Кыргызстан коргонуу тармагына соңку эки жылда 83,4 миллиард сом жумшады. Бул тууралуу 13-июнда өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди:
"Акыркы жылдары коргонуу жөндөмүбүздү күчөтүү үчүн алгылыктуу кадамдарды жасап жатканыбызды бүгүн айта кетсем ашыкча болбос. Мамлекеттик коргоого, укуктук жана коопсуздукка жумшалган каражаттын көлөмү 2010-жылы 8,2 миллиард сом болчу. Биз акыркы эки жылда 83,4 миллиард сом жумшадык - 2021-жылы 31,2 миллиард, 2022-жылы 52,2 миллиард".
Жапаров жаңы Аскердик доктринанын долбоору Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүн коргоого, армияны күчтөндүрүүгө көмөк болорун жана өлкө бардык коңшулар менен коопсуздук жаатында кызматташууга умтуларын айтты.
Бүгүн 13-июнда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы менен өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны болуп, бир катар чечимдер кабыл алынды. Алардын бири – Куралдуу күчтөрдү мындан ары өнүктүрүүгө багытталган жаңы Аскердик доктрина. (BTo)
Дагы караңыз
Күрөш (U-17): Өмүрбек Асан уулу Азия чемпионатынын финалында күрөшөт"Медиа Полиси Институту" ЖМК боюнча соңку долбоорго талдоо жүргүздүЖогорку Сот наристени кордогон адамдын өкүмүн жумшарттыКазакстандагы токойдогу өрттө бир киши дайынсыз болууда