Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:13

Казакстандагы токойдогу өрттө бир киши дайынсыз болууда


Абай районундагы өрттөнүп жаткан токой. 12-июнь, 2023-жыл.
Абай районундагы өрттөнүп жаткан токой. 12-июнь, 2023-жыл.

Казакстандын Абай облусундагы токойду чалган өрттү өчүрүүгө кеткен жергиликтүү тургун дайынсыз болууда. Бул тууралуу 13-июнда облус башчысы Нурлан Уранхаев билдирди. Анын айтымында, дайынсыз кеткен жарандын трактору табылган. Уранхаев өрттө үч турак жай жана эки автоунаа күйүп кеткенин кошумчалады.

Жакынкы Семей жана Бородулиха айылдарынын тургундары коопсуз жактарга көчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги калктуу конуштарга коркунуч жок экенин, өрттү өчүрүү уланып жатканын маалымдады.

Казакстандын Абай районундагы токойду каптаган өрттөн 9-июнда 14 токойчунун өмүрү кыйылды. Президент Касым-Жомарт Токаев 10-июнда жерине барып, каза болгондордун жакындары менен жолугушканда алар маркумдар эч даярдыксыз кеткенин, өрт өчүрүүчү техника эски экенин жана иштен чыкканын айтышты.

Президент токойчулардын жакындарынын айткандары адилеттүү экенин айтып, күнөөлүүлөр жазаланарын убада кылды. Айрым үй-бүлөлөрдө экиден киши кайтыш болгон.

Учурда өрттүн тутануу себептери боюнча кылмыш иши козголуп, үч вариант каралууда. Алар - шалаакылык, атайын өрт коюу жана чагылгандын түшүшү. Окуяга байланыштуу иштен алынган мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Юрий Ильинди дагы тиешелүү органдар текшерип баштаганы маалым болду.

XS
SM
MD
LG