Украина дагы эки кыштак орус аскерлеринен бошотулганын билдирди

Украин аскерлери орустардан бошотулган кышктардын биринде.

Украин армиясы Запорожье жана Донецк облустары чектешкен аймакта дагы эки кыштак орус армиясынан бошотулганын жарыялады. Ал жердеги Великая Новоселовка кыштагында акыркы күндөрү украин аскерлери илгерилеп баратат.

Киев жекшембиде жана дүйшөмбүнүн таңында Донецк облусундагы үч кыштак бошотулганын билдирген. Ошондой эле украиндер Запорожье облусунун Новодаровка айылынан орус күчтөрүн сүрүп чыгууга аракет кылып жатканын "Азаттыктын" украин кызматы жазды.

11-июнда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы орус күчтөрү жарым-жартылай оккупацияланган Луганск жана Донецк аймактарын толук көзөмөлгө алуу аракетин көрүп жатканын кабарлаган.

Орусия Украинанын аймагына 2022-жылдын 24-февралында басып кирген.

Дагы караңыз

Донецк: Украин аскерлери бир нече айылды бошотту Бишкекте орусиялык саясий активист Алена Крылова камакка алынды"Европадан жумуш жана виза". Акчасын алдаткан мигранттар