Украинанын Коргоо министрлиги Донецк облусундагы бир нече кыштак орус күчтөрүнөн бошотулганын билдирди.
11-июнь күнү кечинде Украинанын Коргоо министрлигинин башчысынын орун басары Анна Маляр Благодатное жана Макаровка конуштары Киевдин көзөмөлүнө өткөнүн жарыялаган. 12-июнда ал Донецк облусунун Волноваха районундагы Сторожевое кыштагы бошотулганын маалымдады.
"Арей" ыктыярчылар отряды аймак тагы Нескучное айылы бошотулганын кабарлады.
Америкалык согушту изилдөө институту (ISW) 10-11-июнь күндөрү аймактагы бир канча кыштак бошотулганын өз булактарына таянып бышыктады.
11-июнда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы орус күчтөрү жарым-жартылай оккупацияланган Луганск жана Донецк аймактарын толук көзөмөлгө алуу аракетин көрүп жатканын кабарлаган.
Орусия Украинанын аймагына 2022-жылдын 24-февралында басып кирген.
Дагы караңыз
Орусияда кармалган тажик мигранттары шарттын начардыгына даттанууда“Ал жер тозок”. Семей токоюндагы өрт 14 адамдын өмүрүн жалмадыЫдырыс Исаков аны бетке чапкан адамга каршы милицияга арыз жазды