Чүй: Луговое айылындагы калайман мушташ боюнча дагы бир адам кармалды

Кармалган шектүү.

11-июнда Аламүдүн районуна караштуу Луговое айылындагы калайман мушташка байланыштуу 25 жаштагы дагы бир шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Милициянын маалыматына караганда, 10-июнь күнү кечинде Луговое
айылындагы “Миг” дүкөнүн жанында белгисиз адамдар 29 жаштагы жаранды себепсиз сабашкан. Ал Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылып, Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Иштин алкагында Ленинское айылынын 31 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары Луговое айылында калайман мушташ болгонун, мушташты токтотуу үчүн айылга көп сандаган милиция кызматкерлери барышканын жазышкан. (BTo)

Дагы караңыз

Статком: беш айда ички дүң өнүм 3,4% жогоруладыСпортчу Дайырбек Карыяев АКШдагы мелдеште жеңишке жеттиКеминде сууга чөгүп кеткендердин биринин сөөгү табылбай жататКемпир-Абад иши: абактагылар тергөө тобунун жетекчисине каршы арыздандыУгледарга жакын айылдар орус аскерлеринен бошотулганы кабарландыСуу каптоодон улам Херсон облусунан төрт миңдей адам эвакуация болду