Аба ырайы: тоолорго кар жаайт

Кыргызстан.

12-июнда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бийик тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Талас, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.


Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 28…33;

Талас жергесинде түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30;

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 17…22, күндүз 32…37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32;

Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 28…33;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19°, күндүз 31…33° болот. (КЕ)

Дагы караңыз

БУУ: Украинада 700 миңдей киши таза суусуз калдыПрезидент Жапаров мамлекеттен уурдалган акча эселеп кайтарылат деп айтты Орусиялык активист Лев Скорякин Бишкекте кармалдыМилиция Чүйдүн Луговое айылындагы калайман мушташ боюнча маалымат берди