Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:21

Президент Жапаров мамлекеттен уурдалган акча эселеп кайтарылат деп айтты


Президент Садыр Жапаров сындаган аялдама. 2023. Ысык-Көл
Президент Садыр Жапаров сындаган аялдама. 2023. Ысык-Көл

Президент Садыр Жапаров мамлекеттен уурдалган акча мурдагыдай эки эсе эмес, 5-10 эселеп кайтарыларын жана алар абакка кесилерин билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына Чолпон-Ата шаарына бараткан жолго салынган аялдамага байланыштуу жазды. Ал аялдама куруудан акча жегендер кармалып, эселеп кайтарып жатканын белгилеген.

Жаңы курулган аялдама
Жаңы курулган аялдама

"Аялдаманы 351 миң сомго куруп койдук. Болгону 351 миң сом акча кетет экен. Айырмасын караңыздар, тегерегинин баары айнек менен тосулган. Түнкүсүн күйүп-жанып турат. Көрүнүшү да жакшы. 15-20 жыл былк этпей турат. Муну мен эмне үчүн ушинтип жарыялап жатам? Урматтуу мамлекеттик кызматкерлер, силерге сабак болсун деп жатам. 33 жылдан бери ушундай жолдор менен уурдап келгенсиңер. Ошол үчүн мамлекетибиз алдыга жылбай, өнүкпөй, уурдалып- тонолуп келди. Эми мындан ары мындай ыкма менен уурдаган уурулугуңар өтпөйт. Мен буга чейин дагы баарыңарга эскерткем, дагы да эскертем. Мындан ары уурдаган сумманы эки эсе эмес, 5-10 эселеп кайтарасыңар жана түрмөдөн да чыкпайсыңар. Акыркы эскертүүм. Кийин эскертпедиң дебегиле".

Жапаровдун жазганына караганда, текшерүүдө жергиликтүү бийлик аялдама курууга 840 миң сом короткон. Ал "Кумтөрдүн" облуска бөлгөн акчасына курулган.


Президент Талас шаарында курулган балдар ойной турган аянтча тууралуу дагы айткан.

"Бул курулушка 4 млн. 880 миң сом акча сарпташкан. Муну УКМКнын кызматкерлери таап чыгышты. Ушул жерге кантип уялбай ушунча акча кетти дешти? Баары камалып, уурдалган акча мамлекетке кайтарылды. Эми кайрадан ошол жерди өз көзөмөлүбүздө курабыз. Канча акча менен кандай курулгандыгы жөнүндө кийин маалымат беребиз", - деген ал.

Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен коррупцияга, оор жана өтө оор кылмыштарга каршы күрөштүн экинчи этабы башталганын Фейсбуктагы баракчасына жазган. Бир күндөн кийин Region телеканалына маек берип, жакын арада "чоң чиновниктер" кармала турганын билдирген. Ал өлкөнүн финансы тармагын кармап, аны туура эмес, натыйжасыз пайдалангандар жоопко тартыла турганын айткан.

Атайын кызматтын башчысы өзү белгилеген "чоң чиновниктердин" атын атаган эмес. Ал мындан ары жемкорлукка айыпталып кармалгандар эки, алты, бир жыл жатып чыкпай турганын, алар абакта жазасын өтөй турганын белгилеген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG