Түркиянын борбору Анкарада ракета жана жардыруучу заттарды чыгарган заводдо жарылуу болду. Коргоо министрлигинин маалыматына караганда беш киши каза тапты. Жергиликтүү маалымат каражаттары "жараат алгандар көп" экенин жазышты. Жарылуу фактысы боюнча иликтөө башталды.
🔴 Son Dakika Ankara #MKE Fabrikasındaki patlamada malesef ölü ve yaralılar varpic.twitter.com/y3hlKsGXKe
— ERCAN SEKİ (@ErcanSeki) June 10, 2023
Аталган завод калктуу конуштан алысыраак Элмадаг районунда жайгашкан. Күбөлөр алгач жарылуунун добушун угуп, андан кийин заводдун үстүндөгү түтүндү көрүшкөн. CNN өрттү убагында өчүрүп калышканын жазды.
Анкаранын губернатору Васип Шахин жарылуу динамит өндүрүшүндөгү химиялык реакциядан улам болушу мүмкүн экенин, бирок окуянын себептери тууралуу расмий маалымат кийинчерээк берилерин айтты. (КЕ)
Дагы караңыз
Бишкек-Астана соода-логистикалык комплексин курууну макулдаштыКолумбия: 40 күн мурда учак кырсыгында жоголгон балдар токойдон табылды"Дордой" базарындагы банктан чыккан өрт өчүрүлдүАкылбек Жапаров Сочиде Путин менен жолукту