Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:16

Бишкек-Астана соода-логистикалык комплексин курууну макулдашты


Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Казакстандын соода жана интеграция министри Серик Жумангари.
Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Казакстандын соода жана интеграция министри Серик Жумангари.

Кыргызстан менен Казакстан "Ак-Тилек" жана "Карасу" автобекеттеринин аймагында биргелешкен өнөр жай соода-логистикалык комплексин курат. Бул тууралуу Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, документке Астанада өткөн Эл аралык форумдун алкагында Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Казакстандын соода жана интеграция министри Серик Жумангари 9-июнда кол койду.

"Биргелешкен кыргыз-казак өнөр жай соода-логистикалык комплексин түзүү экспортко багытталган экономикалык жактан натыйжалуу долбоорлорду ишке ашырууга жана экономиканын айрым секторлорунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, анын ичинде өндүрүштү жана сатууну башкаруунун алдыңкы технологияларын колдонуу аркылуу жогорулатууга мүмкүндүк берет", - деп айтылат министрликтин маалыматында.

Министрлик биргелешкен комплекстин бир нече артыкчылыгын атаган. Алардын арасына өндүрүштүк кооперация, жаңы өндүрүштөрдү жана жумушчу орундарды түзүү, этти жана айыл чарба продукциясын сактоо жана кайра иштетүү, жаңы технологияларды тартуу жана башкалар кирет.

Кыргыз-казак чек арасындагы автоунаалардын бир нече чакырымга созулган кезеги соңку жылдары катталып келет. Чек арадагы тыгын маселеси Жогорку Кеңеште бир нече жолу көтөрүлүп, депутаттар эгер мындай мамиле болсо, Евразия экономикалык биримдигинен (ЕАЭБ) чыгуу керектигин айтышкан.

Кыргызстандык товар өндүрүүчүлөр негизинен айыл чарба продукциясын Казакстандын өзүнө жана Орусияга ташыйт.

Беларус, Казакстан, Орусия 2010-жылы Бажы биримдиги катары түзгөн ЕАЭБге Кыргызстан менен Армения 2015-жылы кошулган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG