Франциянын чыгышындагы Анси шаарындагы паркта бычак менен кол салуудан бери дегенде 5 киши, арасында 4 бала жарадар болду. Кол салган адам улгайган бир кишини жарадар кылып, качып баратканда полициянын огунан жаракат алды. Анын тек-жайы аныкталууда. Франциялык айрым маалымат каражаттары "ал башкалка сураган сириялык качкын" деп кабарлашты. Кол салууга эмне түртку болгону белгисиз.
Окуя бейшембиде Альпы тоолорунун койнунда, Швейцария менен чек арага жакын жердеги 135 миң калктуу шаарда болгон. Ошол маалда ал жерде 3 жашка чейинки наристелер тобу тарбиячысы менен сейилдеп жүргөн. Кээ бирлери коляскаларда болчу.
Ансиге француз премьер-мнистри Элизабет Борн барды.
Президент Эммануэль Макрон бир киши менен бир бала өмүр үчүн күрөшүп жатканын айтып, кол салууну "жеткен карасанатайлык" деп атады. "Бүтүндөй улут шок болду" деп жазды Макрон Твиттерге.
Дагы караңыз
"Кыргызкөмүрдүн" филиалынын директору коррупцияга шектелип кармалдыArticle 19 уюму кыргыз бийлигин "Азаттыкка" чыккан сот чечимин жокко чыгарууга чакырдыКыргыз жарандарынын Казакстанда жүрүү тартибин жөнөкөйлөтүү талкууландыЖогорку Кеңеш шейх Нахаяндын атын №354 мөңгүгө берүүнү жактырды Казакстанда митинг уюштурууну пландаган активисттер кармалдыУкраин президенти Херсон облусунун суу каптаган аймагына барды