Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:14

Кыргыз жарандарынын Казакстанда жүрүү тартибин жөнөкөйлөтүү талкууланды


Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" өткөрмө бекети. Архив сүрөт.
Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" өткөрмө бекети. Архив сүрөт.

Ысык-Көлдө өткөн Кыргыз-казак консулдук кеңешмесинин жыйынында кыргыз жарандарынын Казакстандын аймагында жүрүү тартибин жөнөкөйлөтүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, тараптар жарандардын эки өлкөдө тең жүрүү режимин жөнөкөйлөтүү боюнча иштерди улантмай болду.

7-июндагы жыйында эки өлкөдө тең кармалган жарандар тууралуу ыкчам маалымат берүү, жарандардын кирүүсүнө тыюу салуу жана кармоо маселелери боюнча чек ара кызматтарынын өз ара кызматташуусу, мамлекеттик органдар берген документтерди таануу маселелери талкууланды.

Ошондой эле кароосуз жана камкордуксуз калган балдарды кайтаруу боюнча компетенттүү мамлекеттик органдардын өз ара иш жүргүзүүсү, Казакстанда мурда жазасын өтөп, шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотулган кыргыз жарандарынын маселелери тууралуу сөз болгон.

Быйыл 27-январдан тартып Казакстанда миграциялык талап жана эреже катаалдашкан. Ага ылайык, Кыргызстандын, Орусиянын, Беларустун жарандары бул өлкөдө жарым жыл ичинде 90 күн гана жүрө алат. Буга чейин алар Казакстанда чек арадан чыгып-кирип, чектөөсүз жүрө алчу.

Расмий Астана жаңы эрежени мыйзамсыз миграцияга каршы чара катары түшүндүргөн.

Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлигинин соңку маалыматына караганда, Кыргызстандын 1,2 миллион жараны сыртта миграцияда жүрөт, алардын 30 миңдейи Казакстанда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG