Орусиянын армиясы Украинанын Донецк облусуна караштуу Украинск аймагын 8-июнга караган түнү аткылап, анда үч адам, анын ичинде бир бала набыт болду. Селидов шаардык аскердик администрациясы чабуулда дагы беш киши жараат алганын, алардын төртөө балдар экенин билдирди.
ГВА агенттиги эки жер там жана 14 көп кабаттуу үй жабыркаганын жазды.
Жарадарлар ооруканага жеткирилип, учурда медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Буга байланыштуу Кремль азырынча комментарий бере элек.
Украинанын Ювеналдык прокуратурасы 4-июнга карата Москванын Киевге каршы согушу маалында 485 миң бала мерт болуп, дагы 1005и жараат алганын билдирген. Бул документтештирилген гана учурлар экенин, чынында бул сан мындан дагы көп болушу мүмкүндүгүн белгилеген.
Дагы караңыз
Бишкектеги суу көйгөйү: ЖК комитети 150 млн. сом бөлүп берүүнү колдоду Жалал-Абадда чайкана өрттөнүп, эки адам мерт болду Экс-министр Бейшеналиевдин кеңешчисин актаган сот өкүмү жокко чыктыКахов ГЭСиндеги жардыруу: Эрдоган комиссия түзүүнү сунуштады Акылбек Жапаров Бишкекте орус окуу жайларынын бөлүмүн ачууну сунуштады