Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:22

Акылбек Жапаров Бишкекте орус окуу жайларынын бөлүмүн ачууну сунуштады


Акылбек Жапаров менен Михаил Мишустин.
Акылбек Жапаров менен Михаил Мишустин.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Сочи шаарындагы сапарынын алкагында Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен жолукту. Өкмөттүн басма сөз кызматынын кабарлашынча, анда тараптар өз ара алака-катышты кеңейтүүнү сүйлөштү.

"Мындан сырткары өкмөт башчылары Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун өткөн айда Орусиядагы расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулады. Ошондой эле өнөр жай кооперациясынын биргелешкен долбоорлорун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту. Жапаров Кыргызстанда тогуз мектеп куруу тууралуу өкмөттөр аралык макулдашууну Жогорку Кеңеш жактырганын, ал президенттин кол коюусуна даярдалып жатканын билдирди. Ал Бишкекте М. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин, Жогорку экономика мектебинин филиалдарын, жана К.И.Скрябин атындагы кыргыз-орус агрардык технологиялар жана биомедицина институтун К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин базасында ачууну сунуштады. Мишустин өз кезегинде өз ара сооданын көлөмү ушул жылдын биринчи кварталында 16% өскөнүн, дээрлик 85 миллиард рублду же 92 миллиард сомдон ашканын айтты",- деп жазылган маалыматта.

Андан кийин Акылбек Жапаров Сочиде Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты. Анда эркин сооданы мындан ары өнүктүрүү, Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) алкагында алкоголдук рынокту жөнгө салуу, интеграцияланган маалыматтык система жана санариптик күн тартиби, Биримдиктин электрондук рыногу сыяктуу 10 тармактын маселелери каралды. Өкмөт башчылар ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин климаттык күн тартибинин алкагында кызматташуу боюнча Биринчи чаралар пакетинин (“Жол картасы”) аткарылышы боюнча отчетту угушту.


Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын быйыл августта Чолпон-Ата шаарында өткөрүү макулдашылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG