6-июнда Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани биринчи жолу мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан президент Садыр Жапаров тосуп алганын мамлекет башчынын басма сөз кызматы маалымдады.
Садыр Жапаров жана шейх Тамим бин Хамад Аль Тани кыргыз артисттеринин, элдик жана фольклордук-этнографиялык жамааттардын катышуусундагы концерттик программаны көрүштү. Катардын эмири улуттук маданиятка, кыргыз боз үйүнүн жасалгасына, таза кандуу кыргыз тайганынын өзгөчөлүктөрүнө болгон кызыгуусун билдирген.
Мамлекеттик сапардын алкагында өлкө лидерлери 7-июнда чакан жана кеңейтилген форматтарда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кызматташтыкты тереңдетүүнүн келечегин талкуулашат. Бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлары айтылды. (BTo)
Дагы караңыз
Ысык-Атада эки милиция кызматкери шектүүнү качырган деп айыпталуудаОрусияда "Мистер Сидр" ичимдигине ууланып каза болгондор 25ке жетти Парламенттин регламентин өзгөртүү боюнча долбоор коомдук талкууга чыктыКремль Кахов ГЭСиндеги жардырууга тиешеси жоктугун билдирдиИран добуштун ылдамдыгынан тез учкан ракета чыгарганын жарыяладыКаракол: аэропорттун курулушунда мерт болгондорго жардам берилет Зеленский 80дей конуш суу алдында калуу коркунучунда экенин эскертти