Парламенттин депутаттары Марлен Маматалиев менен Нурланбек Азыгалиев “Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору 2-июнда коомдук талкууга коюлган. Документтин негиздемесинде долбоор мыйзамдарды бири-бирине ылайык келтирүү, беренелердин байланышын туура түзүү жана тактоочу ченемдерди киргизүү үчүн жазылганы айтылат.
Мыйзам долбоорунда Жогорку Кеңештин комитеттеринде бештен кем эмес депутат болушу керек экени жазылган. Ушул тапта комитет мүчөлөрүнүн саны жок эле дегенде сегизден аз болбошу зарыл. Коомдук талкууну жана кийинкиге калтырууну талап кылбаган документтерди жана мыйзам долбоорлоруна тиешеси жок маселелерди кароодо комитет депутаттардан сурамжылоо жүргүзүү менен чечим кабыл алса болору жазылган.
Андан тышкары “Жогорку Кеңеш күн тартибиндеги маселени жабык режимде кароо жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу” деп белгиленген. Азыр парламент жүйөлү негиздер болгон өзгөчө учурларда гана жыйынын жабык өткөрө алат. Ошондой эле “Мыйзамда аныкталган мамлекеттик, аскердик жана башка сырдын маселелери боюнча жыйналыштарды кошпогондо, Жогорку Кеңештин жыйналыштары ачык болуп саналат” деп белгиленген.
Буга чейин Жогорку Кеңеште чек ара маселеси талкууланган айрым жыйындар жабык өткөн учурлар болгон.
VII чакырылыштын депутаттары 2021-жылы 29-декабрда ант берип, ишке киришкен. Жаңы Конституцияга ылайык, парламентке бир мандаттуу 36 округдан 36 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланган. (BTo)
Дагы караңыз
Иран добуштун ылдамдыгынан тез учкан ракета чыгарганын жарыяладыЗеленский 80дей конуш суу алдында калуу коркунучунда экенин эскерттиКаракол: аэропорттун курулушунда мерт болгондорго жардам берилет Блогер Жекшеналиевдин иши боюнча сот жараяны 13-июнга жылды Москвада киши уурдоого шек саналып алты кыргызстандык кармалдыКаховдо дамбадагы жардыруудан улам бир нече аймакты суу каптады"Каракол" аэропортунда курулуштагы кырсыктан эки адам каза болдуЭлТРдин “ПолитКлиникага” каршы арызы боюнча сот отуруму болду