Кремль Кахов ГЭСиндеги жардырууга тиешеси жоктугун билдирди

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков.

Кремль Кахов ГЭСиндеги жардырууга тиешеси жок экенин билдирди. Днепр дарыясындагы ири дамбаны жардырганы үчүн Киев Москваны айыптаган. Орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Кахов ГЭСинин жардырылышын атайылап жасалган диверсия деп атады.

"Биз алардын дооматтарын чечкиндүү түрдө четке кага алабыз. Бул жерде кеп украин тараптын атайылап жасалган диверсиясы тууралуу болуп жатат. Ал Киевдин, Киев режиминин буйругу менен пландалып, ишке ашырылган", - деди Песков.

Кахов ГЭСинин дамбасы 6-июнга караган түнү жардырылган. Украина президентинин администрация башчысы Андрей Ермак Телеграмга жазган билдирүүсүндө Орусияны "экоцидге" айыптады.

Буга чейин Херсон облусунун губернатору Александр Прокудин Днепр дарыясынын оң тарабындагы кооптуу аймактан 16 миңдей адам коопсуз жайга чыгарылганын билдирген.

Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги кырдаалга тыкыр көз салып жатканын билдирди.

1956-жылы курулган дамбанын бийиктиги 30 метр, узундугу 3,3 чакырымды түзгөн. Ал Москва аннексиялап алган Крым жарым аралын толугу менен суу менен камсыздайт.

Дагы караңыз

Иран добуштун ылдамдыгынан тез учкан ракета чыгарганын жарыяладыЗеленский 80дей конуш суу алдында калуу коркунучунда экенин эскерттиКаракол: аэропорттун курулушунда мерт болгондорго жардам берилет