Орусияда мобилизация тууралуу СМС аркылуу кабар таратуу сунушталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Коргоо министрлиги мобилизацияга тартуу башталганы тууралуу СМС аркылуу билдирүү таратууну сунуштады. Мындай токтомдун долбоору нормативдик-укуктук актылар порталына жарыяланды. Андан сырткары документте жарандарга "Мамлекеттик кызмат" порталындагы жана салык төлөөчүнүн жеке кабинеттери аркылуу дагы маалымат берүү каралган.

Долбоордогу түшүндүрмө маалыматта мындай чара "мобилизация тууралуу жарандарга кабар берүүнүн мөөнөтүн кыскартары" жазылган.

2022-жылдын 24-февралында Орусия Украинага басып кирип, согуш баштаган. Президент Владимир Путин ошол эле жылдын сентябрь айында аскердик мобилизация жарыяланган. Андан кийин жүз миңдеген киши, басымдуусу аскерге жарактуу эркектер өлкөдөн чыгып кеткен.

Дагы караңыз

"Эти Бакыр Терексай" жөнүндө инвестициялык макулдашууга кол коюлду Катардын эмири мамлекеттик сапар менен Бишкекке келет Тажикстандан келген кыргыздар үй маселесин айтып бийликке кайрылды ИИМ убактылуу кармоочу жайдан качкан адам тууралуу маалымат берди ЖКда аба булгаган ишканаларды күтүүсүз текшерүү сунушу көтөрүлдү