Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:08

Тажикстандан келген кыргыздар үй маселесин айтып бийликке кайрылды


Тажикстандын Жийделик айылынан келген кыргыздар, нааразылык акциясы. 5-июнь, 2023-жыл.
Тажикстандын Жийделик айылынан келген кыргыздар, нааразылык акциясы. 5-июнь, 2023-жыл.

Бишкек шаарында 5-июнда Жогорку Кеңештин имаратынын жанында Тажикстандын Согд облусуна караштуу Жийделик айылынан келген 15тей адам үй-жай маселесин айтып нааразылык акциясына чыкты. Алардын бири Гүлдар Кудаярова бир катар себептерден улам алар үйлөрүнө кайтып бара албасын айтып, жалпысынан 65 адам өкмөттөн үй-жай маселесин чечип берүүгө жардам сурап жатканын айтты.

"Биз буга чейин Тажикстандагы Жийделик деген айылында жашаганбыз. Ал жерде миңдей кыргыз түтүн жашаган. Биздин айылдагылардын көбү кыргыз паспортун, кыргыз күбөлүгүн алып жашаган жана буга чейин бул маселе деле болгон эмес. Биздин айылдын көйгөйү пандемия болгондон тартып башталды. Өкмөттөн, милициядан келип кыргыз жарандарысыңар деп паспортторду текшерип "каттоодон өткүлө, болбосо силердин бул жерде жашаганга укугуңар жок" деп талап кыла башташты. Андан кийин баарыңар тажик жарандыгына өтөсүңөр деп башташты. Ошондуктан кыргыз паспорту барлардын баары эле ал жерден чыгып кетти. Кайра кайтып келгендерди камап салышты. Азыр эми юиз ал жакка кайра барып жашай албайбыз, үй-жайыбыз толугу менен ошол жакта калды. Ошондуктан бизге бул жактан жер берсин, же болсо баштапкы төлөмү жок ипотека берилсин деп суранып жатабыз",-деди Кудаярова.

Ал буга чейин президентке жана Жогорку Кеңешке кайрылганын, тиешелүү жооп ала электигин айтты. Алар бүгүн дагы кат жолдонорун билдиришти.

Өкмөт бул кайрылууга байланыштуу азырынча түшүндүрмө бере элек. (ZhE)

XS
SM
MD
LG