Анкара-Бишкек-Анкара багыты боюнча биринчи авиакаттам келди

AnadoluJet авиакомпаниясынын учагы.

3-июнда AnadoluJet авиакомпаниясынын (Turkish Airlines авиакомпаниясынын туунду компаниясы) Анкара-Бишкек-Анкара багыты боюнча биринчи учагы Бишкекке конду.

“Манас” эл аралык аэропорту эми жүргүнчүлөр Түркиянын борборуна Бишкектен түз учса болорун билдирди.

Анкара-Бишкек-Анкара багыты боюнча Бишкке келген жүргүнчүлөр.

Маалыматта, каттам жумасына төрт жолу – дүйшөмбү, шаршемби, ишемби жана жекшемби күндөрү болот. Август айынан тарта Бишкектен Анкарага каттамдар күн сайын аткарылары пландалууда. Учуунун убактысы 4 саат 30 мүнөттү түзөт.

“Манас” эл аралык аэропорту авиабилеттерди сатууга жана анын баасына кийлигише албай турганын эскертти. Мындан тышкары авиакомпания менен жүргүнчүлөрдүн ортосундагы каржылык маселелерге да аралашпайт. (BTo)

Дагы караңыз

Диний уюмдун өкүлдөрү пара берүүгө шек саналып кармалдыВладимир Зеленский Украина контрчабуулга даяр экенин айттыШарль Мишел Борбор Азияны тооруган санкциялар тууралуу маалымат бердиЖапаров менен Мишелдин жолугушуусунда адам укуктары тууралуу сөз болдуНиязалиеванын штабынан кармалган эки киши үй камагына чыктыИИМ: Чүйдө ымыркайын сатууга аракет кылган аял кармалдыТажикстанда соттолгон кыргыз жарандарын мекенине кайтаруу маселеси көтөрүлдү