Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:57

Владимир Зеленский Украина контрчабуулга даяр экенин айтты


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский The Wall Street Journal басылмасына берген интервьюсунда Украина өз аймагын Орусиянын аскерлеринен бошотуу үчүн контрчабуулга даяр экенин билдирди.

Владимир Зеленскийдин сөзүнө караганда, украин армиясы өнөктөштөрүнөн күткөн бардык куралдарды ала элек. “Бирок биз мындан ары күтө албайбыз” деген Зеленский “бул операция узакка созулуп, кымбатка турушу мүмкүн” деп эскертти.

“Биз ийгиликке жетерибизге бекем ишенебиз. Бул канча убакытка созуларын билбейм. Чынын айтсам, анын жыйынтыгы башкача да болушу мүмкүн. Такыр башкача. Бирок биз муну жасайбыз жана ага даярбыз”, - деди украин президенти.

Украинанын бийлиги согуш Орусиянын аскерлери качан гана Украинанын оккупацияланган аймактарынан толук чыгарылганда жана аннексияланган Крым Киевге кайтарылганда гана токтой турганын бир нече жолу кайталаган.

Буга чейин украин президентинин кеңсесинин башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк куралдуу күчтөрдүн контрчабуулу башталганын билдирген. Ал Украина Орусиянын аймактарына чабуул жасабай турганын, өнөктөштөр берген курал-жарак оккупацияланган жерлерди, анын ичинде орусиялык жикчилдер ээлеп алган Донбасс аймагы менен аннексияланган Крым жарым аралын бошотуу үчүн колдонуларын айткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG