Түндүк Кореянын чалгындоо спутниги космоско жетпей деңизге кулады

Түштүк Кореялыктар Пхеньяндын ракета учуруу жараянына түз ободо көз салып жатышат. Сеул, 31-май, 2023-жыл.

31-майда Түндүк Кореянын космоско чалгындоо спутнигин чыгаруу аракети ишке ашпай, баллистикалык ракета деңизге кулады. Түндүк Кореянын расмий маалымат агенттиктери ракетанын кыймылдаткычында мүчүлүштүк кеткенин билдиришти.

Маалыматты Түштүк Кореянын да аскерлери ырастап, ракетанын калдыктары Сары деңизге түшкөнүн билдиришти. Алар калдыктарды таап, сүрөттөрүн жарыялашты.

Ракетаны учуруу алдында Пхеньян АКШнын жана анын союздаштарынын аскердик аракеттерине көз салууда спутник чоң мааниге ээ экенин билдирген.

Бул - Пхеньяндын космоско спутник чыгаруу боюнча 2016-жылдан берки алтынчы аракети. Мамлекеттик агенттиктер жакын арада дагы бир аракет көрүлөрүн маалымдашты.

Баллистикалык ракетанын учурулушу Түштүк Кореяда жана Жапонияда тынчсыздануу жаратты.

Түндүк Кореянын бул кадамын АКШ, Жапония жана Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) кескин сынга алды. Алардын баары ракетанын учурулушу БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясына каршы келерин белгилеп жатышат.

Дагы караңыз

Орус күчтөрү Бахмутка абадан сокку урууну улантуудаБелгороддо балдарды эвакуациялоо башталганы кабарландыУКМК "Йакын инкар" диний уюмунун мүчөлөрү кармалганын билдирди