Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:48

УКМК "Йакын инкар" диний уюмунун мүчөлөрү кармалганын билдирди


Сүрөт Ысык-Көл облусундагы "Йакын инкар" жамаатынын өкүлдөрү тууралуу тасмадан алынды.
Сүрөт Ысык-Көл облусундагы "Йакын инкар" жамаатынын өкүлдөрү тууралуу тасмадан алынды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жалал-Абад шаарында “Йакын инкар” диний экстремисттик кыймылынын төрт мүчөсү кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесине (“Экстремисттик уюмдарды түзүү жана каржылоо”) байланыштуу кармалган.

“Диний көз караштардан улам, алар светтик жашоо образын таптакыр четке кагып, балдарына орто билим берүү мекемелерине барууга, эмдөөдөн жана башка медициналык процедуралардан өтүүгө тыюу салышкан”, - деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

УКМК шектүүлөрдү тинттүү учурунда табылган диний адабияттар, материалдар экспертизага берилгенин кабарлады. Учурда шектүүлөр атайын кызматтын тергөө абагына камалды.

Кыргызстанда күч органдары өлкөдө тыюу салынган “Йакын инкар” диний экстремисттик кыймылынын мүчөлөрү кармалганы боюнча кабарларды байма-бай жарыялап келет. Бирок учурда жалпы канча киши бул кыймылдын мүчөсү экени тууралуу маалымат жок.

Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун сайтындагы маалыматка таянсак, “Йакын инкар” диний агымы - "Таблиги жамааттын" ичинен бөлүнүп чыккан өзүнчө топ. Алар чачын бир аз өстүрүп, узун көйнөк кийип жүрөт. Заманбап жашоодон баш тартып, турмушун динге гана байлоого чакырышат. Диний агым Кыргызстанда 2017-жылы экстремисттик деп табылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG