Аба ырайы: Бишкекте күн ысыйт, тоолорго кар жаайт

Бишкек.

31-майга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31;

Талас аймагында түнкүсүн 8…13, күндүз 26…31;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 22…27;

Нарында түнкүсүн 4…9, күндүз 21…26;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9 градус жылыйт.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 28…30° жылуу болот.

Дагы караңыз

Президент Жапаров Кумтөрдү алууга Аскар Акаев жардам бергенин айттыПрезидент Жапаров Бакиев келсе, камакка алынышы керектигин билдирди Дания Украинага дагы 2,6 миллиард долларлык аскердик жардам беретКыргызстанда вирустук гепатит жугузуп алгандар эки эсе көбөйдү